"Оскар-2025" сыйлыгы: Кино дүйнөсүндөгү мыктылар ким болду?

Америкалык киноакадемия тарабынан негизделген "Оскар" сыйлыгынын жеңүүчүлөрү аныкталды. Иш-чара кечээ, 2-мартта Лос-Анжелес шаарындагы Долби театрында америкалык куудул Конан О’Брайендин алып баруусунда өттү.

Анда быйылкы 97-Оскар сыйлыгынын жеңүүчүлөрүнү менен тааныштырабыз:

  • Эң мыкты тасма: "Анаро";
  • Эң мыкты режиссёр: Шон Бэйкер ("Анора");
  • Эң мыкты актриса: Майки Мэдисон ("Анора");
  • Эң мыкты актёр: Эдриан Броуди ("Бруталист");
  • Эң мыкты сценарий: "Анора";
  • Эң мыкты монтаж: "Анора";
  • Эң мыкты экинчи пландагы айымдын ролу: Зои Салдана ("Эмилия Перес");
  • Эң мыкты экинчи пландагы мырзанын ролу: Киран Калкин ("Чыныгы оору");
  • Эң мыкты анимациялык тасма: "Ташкын: Жер бетиндеги акыркы мышык";
  • Эң мыкты кыска метраждуу анимациялык тасма: "Кипарис көлөкөсүндө";
  • Эң мыкты даректүү тасма: "Башка жер жок";
  • Эң мыкты кыска метраждуу даректүү тасма: "Оркестрдеги жалгыз кыз";
  • Эң мыкты кыска метраждуу тасма: "Мен робот эмесмин";
  • Эң мыкты ыр: El Mal ("Эмилия Перес");
  • Мыкты саундтрек: Дэниел Блумберг ("Бруталист")
  • Эң мыкты оператордук иш: Лол Кроули ("Бруталист");
  • Эң мыкты чет тилдеги тасма: "Мен дагы эле бул жердемин" (Бразилия);
  • Эң мыкты үн: "Дюна: 2-бөлүм".

Эске салсак, бул жолу Лос-Анжелесте токойлорду каптаган өрттөн улам номинанттар бир жума кеч жарыяланган болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан