
Каракол–Эңилчек унаа жолундагы Чоң-Ашууга кар көчкү түшүп, жол убактылуу жабылды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Азыркы тапта №11 Жол тейлөө ишканасы тарабынан тазалоо иштери жүрүп жатат. Көчкү жолдун 82-чакырымына түшкөн.
Андан жабыркагандар жок. Кошумча маалымат берилет.
Министрлик учурда Чоң-Ашуу ашуусунда катуу бороон болуп жатканын кошумчалады.