Сауд Арабиянын "Аль-Наср" футболдук клубунун португалиялык чабуулчусу, белгилүү футболчу Криштиану Роналду кумир туткан эки футболчунун атын атады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.
Португалиялык чабуулчу бала кезинен бери бразилиялык эки оюнчуну: Роналдо Назарио жана Роналдиньо Гаучонун оюндарын көрүп келерин айткан. Ошондой эле ал алардын спортко кошкон эбегейсиз салымын баалай турганын билдирген.
"Роналдо менен Роналдиньо өздөрүнүн тарыхын жарата алышты. Мен аларга караганда көбүрөөк жеке наамдарды жеңе алдым, бирок алар Дүйнө чемпиондугун жеңишкен. Мен аларды жакшы көрөм. Алардын оюнун көрүп чоңойгом. Алардын кимисин мыкты деп айтууга болот? Мен бир нерсени айткым келет, алар менин кумир туткан оюнчуларым, алар футболдо тарых жарата алышты", - деген Криштиану Роналду.