"Бейиш эненин таманында" тасмасынын уландысы тартылып жатканы айтылды

“Бейиш эненин таманында” тасмасынын уландысы тартылып жатат. Бул туурасында режиссёр Руслан Акун социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.

Айтымында, орус тилдүү интернет-сервис «Кинопоиск» рейтингинде "Бейиш эненин таманында" тасмасы эң мыкты 20 тасманын сап башына чыккан.

"Бул Голливуд болобу, орусиялыктардын өзүлөрүнүн тасмаларынан кыргыз тасмасы озуп чыкканы биз үчүн чоң сыймык, чоң сүйүнүч. Кудай буюрса, "Бейиш: апама кат" ушул тасманын уландысын тартып жатабыз. Баарыңыздарды жакында кубандырабыз деп ойлойбуз", - деген ал.

Белгилей кетсек, "Бейиш эненин таманында" тасмасы 2024-жылдын февраль айында көрүүчүлөргө тартуулана баштаган. Тасма Казакстан, Орусия, Өзбекстан, Азербайжан жана башка өлкөлөрдө көрсөтүлгөн. Фильм Кыргызстанда, Өзбекстанда, Казакстанда, Түркияда, Египетте жана Сауд Арабиясында тартылган.

03.03.25
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан