Өзгөндө мектеп окуучуларынын арасында мушташ катталды

Ош облусунун Өзгөн районунда окуучулар арасындагы мушташ катталды. Бул туурасында Ош ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалымдалгандай, №34 мектептин 11-классынын окуучулары өз ара пикир келишпестиктен улам уруша кетишип, натыйжада К.Э. аттуу окуучуну ур-токмоко алышып, денесине жаракат келтиришкен. Ал ооруканага келип түшкөн. Окуя 14-февралда орун алган.

Учурда жабырлануучуга карата соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (Бейбаштык) менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан