
Талас обласунун Айтматов райондук мамлекеттик администрациясынын кызмат адамдарына кылмыш иши козголду. Бул туурасында Башкы прокуратурадан билдирди.
Маалымдалгандай, алар 2017-жылдан 2025-жылдын январына чейин Ардагерлер кеңешинин кызматкерлерине айлык акы катары көрсөтүү менен жалпы 620 миң 880 сомдук акча каражатты мыйзамсыз которушуп, өздөрүнүн кызыкчылыгына пайдаланышып, мамлекеттик бюджетке зыян келтиришкендиги аныкталган.
Бул факт боюнча райондук прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу), 210-беренеси (Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу) жана 379-беренеси (Документтердин жасалмасын жасоо) менен кылмыш иш козголду.
Тергөө Айтматов РИИБи тарабынан жүргүзүлүүдө.