Өзбекстандын Самарканд облусунда төрөткананын дааратканасындагы канализацияга жаңы төрөлгөн ымыркай түшүп кеткен. Аталган окуянын видеосу социалдык тармактарга тарады.
Маалыматка ылайык, ымыркайдын апасы төрөтканадагы дааратканага барган учурда күтүүсүздөн толгоосу башталган. Аял ошол жерден эсин жоготуп, жаңы төрөлгөн ымыркай канализацияга түшүп кеткен.
Окуя болгон жерге "Тез жардам" кызматы жана райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери барган. Куткаруучулар баланы бир сааттан кийин тирүү алып чыгышкан. Ымыркай дароо дарыгерлерге өткөрүлгөн.
Ал эми бул окуя боюнча тийиштүү мекемелер маалымат берген эмес.