Аба ырайы: Көпчүлүк аймактарда кар жаайт

Эртең, 4-мартта Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ош, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан-чачын күтүлөт.

Кыргызгидрометтин маалыматына таянсак, Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын жаайт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -4…-9, күндүз -2 ... +3;

Талас жергесинде түнкүсүн -7 ... -12, күндүз -2 ... +3;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 0 ... -5, күндүз +3 ... +8;

Ысык-Көлдө түнкүсүн -4 ... -9, күндүз -3 ... +2;

Нарын дубанында түнкүсүн -10 ... -15, күндүз 0 ... -5;

Бишкекте түнкүсүн -6 ... -8 суук, күндүз 0 ... +2 градус болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан