Өзгөн районунда акимдин 4 орун басары дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 3-мартта президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдирди.
Маалымдалгандай, тиешелүү тескемеге Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.
- Азамат Дүйшеев – Өзгөн районунун акиминин биринчи орун басары, Финансы министрлигинин Өзгөн районундагы аймактык бөлүмүнүн жетекчиси;
- Максатбек Ибраимов – акимдин орун басары, Өзгөн районунун билим берүү бөлүмүнүн башчысы;
- Иманказы Абдраев – акимдин орун басары, Өзгөн районунун агрардык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы;
- Ысакбек Качыбеков – акимдин орун басары, Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын аппарат жетекчиси болуп дайындалды.