Дональд Трамп командасы менен Украина боюнча талкуу өткөрмөкчү

Бүгүн, 3-мартта АКШнын президенти Дональд Трамп өзүнүн командасы менен жолугуп, Украина боюнча талкуу өткөрөт. Бул тууралуу The New York Times америкалык расмий өкүлгө таянып жазды.

Басылманын булагы билдиргендей, чаралардын комплекси АКШнын мурдагы администрациясынын тушунда макулдашылган Киевге аскердик жардамды токтотуу же жокко чыгаруу, анын ичинде ок-дарыларды жана аскердик техникаларды жеткирүүнү камтышы мүмкүн. Ошондой эле ал жыйынга АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио жана өлкөнүн коргоо министри Пит Хегсет катышарын белгилеген.

Эске салсак, 28-февралда Вашингтондогу Ак үйдө Трамп менен Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин жолугушуусу кайым айтышуу менен аяктаган. Анда Зеленский Ак үйдөн белгиленген убакыттан эрте чыгып кеткен. Эки лидердин биргелешкен маалымат жыйыны да болгон эмес.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан