Археологдор Кытайдан 7 миң жыл болгон от жагуучу куралдарды табышканын чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматтарга караганда, аталган шаймандар өлкөнүн чыгышындагы Цзянсу провинциясында казуу иштеринде табылган. Табылга 30 сантиметр узундуктагы тактайдан жана 60 сантиметр узундуктагы жыгач бургудан турат. Тактайдын бетинде күйүү издери бар бир нече тегерек кара ойдуңдар сакталып калган. Окумуштуулар жыгачтан жасалган буюмдар чанда гана узак убакытка чейин сакталып каларын белгилешип, бул адаттан тыш көрүнүш экенин билдиришкен.
Изилдөөлөр көрсөткөндөй, мындан 7 миң жыл жыл мурун эле Кытайдын байыркы тургундары жыгачты колдонууда жана кайра иштетүүдө белгилүү бир чеберчиликке жетишкен. Окумуштуулар бул ачылыш байыркы адамдар оттун табигый булактарын сактап калуудан аны жасалма жол менен тутандыруунун ыкмаларына кантип өтүшкөнүн изилдөөгө жардам берет дешет. Ошондой эле казылган жерден үйлөрдүн пайдубалы жана тосмолор табылган.