Бүгүн, 3-мартта Израилдин түндүгүндөгү Хайфа шаарында болгон теракттан бир киши набыт болгонун чет элдик басылмалар жазууда.
Бир аз мурун басылмалар Израилдин "Тез жардам" кызматынын маалыматына таянып, автобекетте болгон кол салуудан беш киши жаракат алышканын маалымдашкан.
Алгач полиция ок атуучу куралдардын катышуусунда теракт болгонун билдирген. Бир аздан кийин бул бычак менен жасалган теракт экенин тактады. Полициянын маалыматы боюнча, кол салган адам окуя болгон жерде жок кылынган. Теракт Хайфадагы Лев а-Мифрац борбордук автобекети менен бириктирилген соода борборунда болгон.