Бүгүн, 3-мартка карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 8 миллиард 676 миллион куб метрди түздү. Ал эми суунун агып келиши секундасына 171 куб метрди түзсө, сууну керектөө секундасына 517 куб метрди түзүүдө.
Мындай маалымат "Электр станциялары" ААКсынын расмий сайтында көрсөтүлөт.
Эске салсак, бир ай мурун Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 9 миллиард 918 миллион куб метрди түзгөн.