Жазгы талаа иштерине карата 130 чакырымдан ашуун канал тазаланды

Бүгүн, 3-мартка карата 131,3 чакырым чарба аралык каналдарды тазалоо иштери аткарылды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдирди.

Маалыматка ылайык, сугат мезгилине даярдоо максатында Суу ресурстары кызматынын түзүмдүк бѳлүмдѳрү тарабынан 500 чакырым каналдарды оӊдоо жана тазалоо, 755 даана гидротехникалык курулмаларды, 200 даана суу өлчөөчү постторду, 91 даана насостук станцияларды, 156 даана насостук агрегаттарды оңдоо-калыбына келтирүү, 40 даана насостук агрегатты жаңылоо жана 272 чакырым коллектордук-дренаждык тармактын тазалоо иштерин аткаруу мерчемделди.

Ал эми 2025-жылдын сугат мезгилине даярдоо план-графигине ылайык, мамлекеттик суу чарба объектилеринин оңдоо жана механикалык жол менен тазалоо боюнча негизги иштери Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында 10-апрелге чейин, Чүй жана Талас облустарында 1-майга карата, Ысык-Көл жана Нарын облустарында 10-майга чейин бүткөрүлөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан