Ноокат районунда экстремисттик материалдарды таратып келген деген шек менен 24 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгы кабарлады.
Маалыматка ылайык, ал кармалгандан кийин анын таратып жүргөн материалдарына тиешелүү экспертиза дайындалган. Жыйынтыгында материалдар өлкө аймагында тыюу салынган "ИШИМ", "Түркстан Ислам Кыймылы" жана "Жамаат ат-Таухид валь-Жихад" аттуу экстремисттик жана террористтик уюмдарга таандык экендиги аныкталган.
Мындан улам факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 332-беренеси (Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу) менен кылмыш иши козголуп, тергөө иштери башталган. Учурда бул ишке тиешеси бар башка жарандарды аныктоо иштери жүрүүдө.