Кечээ, 2-мартта АКШнын Лос-Анжелес шаарындагы Долби театрында 97-Оскар сыйлыгынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи болуп өттү.
Анда режиссёр Шон Бэйкердин "Анора" фильми "Эң мыкты тасма" деп табылды. Кино мындан тышкары "Мыкты сценарий", "Мыкты монтаж", "Мыкты актриса", "Мыкты режиссёр" номинацияларын да жеңип алды.
Иш-чараны алып барган америкалык куудул Конан О’Брайен.
"Эң мыкты экинчи пландагы айымдын ролу" номинациясынын ээси Зои Салдана ("Эмилия Перес").
"Мыкты тасма" сыйлыгын алган "Анора" фильминин тартуу тобу.
"Эң мыкты эркектин ролун" жеңген Эдриан Броуди ("Бруталист"), "Эң мыкты актрисаны" жеңген Майки Мэдисон ("Анора"), "Экинчи пландагы мыкты актриса айымдын" ээси Зои Салдана ("Эмилия Перес") жана "Экинчи пландагы эң мыкты эркектин ролун" жеңген Киран Калкин ("Чыныгы оору").
"Эң мыкты режиссёр" номинациясынын жеңүүчүсү Шон Бэйкер ("Анора").
Актриса Жессика Альба.
Аземге эң жөнөкөй кийинип келген актёр Адам Сэндлер.
Синтия Эриво менен Ариана Гранде 97-Оскар сыйлыгын тапшыруу аземинде.
Актёр Юрий Борисов жана анын жубайы актриса Анна Борисова.
Актриса жана ырчы Селена Гомес.
Актёрлор Колман Доминго жана Деми Мур.
Ариана Гранде кийген 190 миң кристаллдан турган Sciaparelli кутюр көйнөгү.