
Ош облусунун Ноокат районунда мал уурулукка шектелип 25 жана 23 жаштагы эки жигит кармалды. Бул туурасында Ош ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, аталган райондун тургуну милицияга арыз менен кайрылып, анда 23-февралда 2 баш малын белгисиз адамдар уурдап кеткендигин билдирген. Жабырлануучуга келтирилген зыяндын болжолдуу суммасы 150 миң сомду түзөт.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-1-беренеси (Мал уурдоо) боюнча кылмыш иши козголгон. Натыйжада Ноокат районунун 1999-жылы туулган М.У. жана 2001-жылы туулган Т.А. аттуу тургундары шектелип кармалган.
Алар соттун чечими менен 2 ай камакка алынган. Учурда уурдалган малдарды ээсине кайтаруу иштери жүрүп жатат.