Астана Эл аралык форуму (AIF) 29-30-майда Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин төрагалыгы алдында өтөт. Бул туурасында Казакстандын Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Маалымдалгандай, форум эл аралык дипломатия жана кызматташтык чөйрөсүндө мамлекеттер аралык диалогду өнүктүрүү боюнча миссиясын улантат.
Форумдун программасы үч багытка бөлүнөт:
“Мамлекет башчыларынын, тармак жетекчилеринин катышуусунда жогорку деңгээлдеги сессиялар өтөт. Мындан тышкары эксперттер жана саясатчылар менен панелдик талкуулар пландаштырылууда. Ар бир сессия дипломатиялык, экономикалык жана социалдык тармактарда чечимдерди табууга багытталат. Быйылкы форумдун темасы “Идеяларды бириктирүү, келечекти түзүү”,- деп айтылган маалыматта.
Иш-чарага каттоо бул шилтеме аркылуу ачык: https://astanainternationalforum.org/.