Кытайдын Шанси провинциясында 90 жаштагы карыяны акыркы сапарга узатуу зыйнатынан кийин күтүүсүз трагедия болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, маркумду акыркы сапарга узаткандан кийин анын үч уулу жана күйөө баласы бир үйгө түнөшкөн. Таң атпай төртөөнүн тең жансыз денелери табылган. Алдын ала маалыматтарга караганда, алар көмүр кычкыл газына ууланып каза болушкан. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.
Такталбаган маалыматтарга караганда, алар жаткан үйдө көп жылдан бери эч ким жашаган эмес. Мындан улам аба айланууда көйгөйлөр жаралган болушу мүмкүн. От жагылганда көмүр кычкыл газы чогулуп, маркумдар ууланган болушу мүмкүн.