Өлкө аймагында бир жума ичинде 23 миң 525 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды. Бул туурасында ЖКККББынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, жогоруда айтылган жол эрежелерин бузуу фактылары 24-февралдан 2-мартка чейин рейдде аныкталган.
-Тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу-720;
-Мас абалында авто таранспорт каражатын башкаруу -369;
-Авто унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу-110;
-Жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар-413;
-Транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу-3493;
-Авто ээнбаштык -19;
-Белгиленген ылдамдыктан ашуу- 4225;
-Жалган мамлекттик номуру менен унаа башкаруу - 7;
-Башка жол эрежелерин бузуу фактылары –11 298;
Ал эми ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 2901 авто унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулгандыгы маалыматта кошумчаланган.