Камчыбек Ташиев 12 жылдык окуу боюнча билдирүү жасады

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев социалдык тармактагы баракчасы аркылуу кайрылуу жасап, анда өлкөдө 12 жылдык окуу боюнча токтолду.
Ташиев билдирүүсүндө 12 жылдык окуу азырынча Кыргызстанга туура келбей турганын айтты.
"Саламатсыздарбы, урматтуу эл-журт! Мен бүгүн өтө орчундуу болгон эртеңки келечек муундардын жана мамлекетибиздин тагдырына чейин кесепетин тийгизе турган маселеге ачык оюмду билдирейин деп чечтим. Бул маселе азыркы учурда коомдук талкууга чыгарылган билим берүү системасындагы окуу мөөнөтүн 12 жылга чейин узартуу боюнча жүргүзүлгөн аналитиканын негизинде жаралды. Менин жеке оюм боюнча, бул туура эмес, эмне үчүн?
1. Биздеги мектептеги билим берүү өтө начарлап кетти. Ушул түйшүктү чечмейинче башка системага умтулуунун кереги жок.
2. Жактоочулар айтып жатышат, "чет мамлекетке барып окууга ыңгайлуу болот" деп. Статистиканы алып көргүлөчү, болгону 3-5 пайыз гана бүтүрүүчү Европа, Америкага барып окуйт экен. Калгандары КМШ мамлекеттеринде жана өз өлкөбүздө эле жогорку билим алууну улантышат.
3. Финансылык, экономикалык жагынан да өтө көп зыянга учурап калабыз. 30 миңден ашык кошумча мугалим, 200дүн тегерегинде кошумча мектеп жана башка.
4. Биз алдыңкы мектептерди жоюп, арткы мектептерге теңеп салдык, бул да чоң көйгөй болду", - деп жазды Ташиев.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан