Бишкекте акыркы 2 айда автобустардын катышуусунда 34 жол кырсыгы катталды

Бишкек шаарынын аймагында жыл башынан бери коомдук транспорттордун катышуусунда 34 жол кырсыгы катталган. Бул туурасында окуу
семинарда маалым болгонун ЖКККББынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы тарабынан автобустардын айдоочуларына жол эрежелери боюнча окуу семинар өткөрүлүп, жол кырсыктан 50 жаран жаракат алып, бирөө каза болгондугу айтылган. Бул көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу жогору экендиги кошумчаланган.
Иш-чарага ЖКККББнын техникалык көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Аким уулу Мирлан, вице-мэр Рамиз Алиев, Бишкек шаардык милициянын кайгуул кызматынын башчысы Авазбек Досов, авточарбалардын жетекчилери менен айдоочулар катышты.
"Анда көрсөтүлгөн талаптар эскертилип, жол кырсыктарынын келип чыгуу себептери камтылган видео тасмалар көрсөтүлүп, жүргүнчүлөр менен жүрүүдө ылдамдыкты ашырбоо, каршы тилкелерге чыкпоо, жүргүнчүлөрдү алууда же түшүрүүдө аялдамаларда гана токтоо боюнча айтылды", - деп белгиленген маалыматта.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
munar1980
2025-03-05 06:06:00
Жаңы автобустар ушинтип түгөнмөй болду окшойт.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан