Бишкек шаарында тоноого шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 4-мартта Биринчи май РИИБинен билдирди.
Маалыматка ылайык, шектүү 25-февралда саат 20:00 чамасында Жаш Гвардия көчөсүндөгү азык-түлүк дүкөнүнүн жанында турган кыздын колундагы iPhone 14 үлгүсүндөгү телефонун ачык эле тартып алып, качып кеткен. Факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренеси (Тоноо) менен кылмыш иши козголгон.
Шектүү катары 43 жаштагы киши кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Ал жабырлануучунун телефонун кайтарып берген. Учурда анын башка ушул сыяктуу кылмыштарга катыштыгы бар-жогу такталууда.