Бишкекте үй-жайы жок адамдар баш калкалоочу жайлардын дареги

Бишкек шаарында туруктуу жашаган жери жок адамдар үчүн баш калкалоочу жайлар иштеп жатат. Калаа мэриясы аталган жайлардын даректери менен бөлүштү.

Белгилей кетсек, борбордо жыл сайын ноябрдан апрелге чейин убактылуу баш калкалоочу жайлар ачылат.

Биринчи май районунун аймагында туруктуу негизде «Коломто» баш калкалоочу жайы Жибек Жолу проспекти, №413 дарегинде жайгашкан. «Коломто» мекемесинин негизги милдеттери төмөнкүлөр:

  • убактылуу түнөк менен камсыздоо, акысыз бир жолку тамак берүү;
  • медициналык кароо жана алгачкы санитардык тазалоону жүргүзүү;
  • муктаждарга гуманитардык кийим-кече берүү;
  • карыларды интернат тибиндеги мекемелерге жайгаштырууга көмөктөшүү.

Ага ылайык, 2024-жылдын 12 айында жана 2025-жылдын январында жалпы 2774 адамга социалдык кызматтар көрсөтүлгөн. Алардын ичинен 299 жарандын документтери калыбына келтирилген, 160 адам үй-бүлөсүнө кайтарылган, 92 адам стационарга жөнөтүлгөн, 1259 адам амбулатордук дарыланган.

Октябрь районунда 12-кичи район, А. Токомбаев, 1а дарегинде жайгашкан убактылуу баш калкалоочу жайда учурда 80 адам бар. Жайда оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлүп, төшөнчү буюмдары жана дары-дармектер сатылып алынган. Ошондой эле күнүнө бир жолу ысык тамак берилет.

Свердлов районунда Фере көчөсү, 34а дарегинде жылытуу пункту иштеп жатат. Учурда ал жерде 27 адам бар. Бөлмө капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, дары-дармектер, төшөнчүлөр сатылып алынган жана күнүнө бир жолку ысык тамак менен камсыздалган.

Баш калкалоочу жайларга жарандар өз алдынча кайрылса болот. Ошондой эле аларды милиция кызматкерлери жана "Тез жардам" бригадасы алып келиши мүмкүн.

"Эгерде сиз жардамга муктаж үй-жайсыз адамдарды көрсөңүз, төмөнкү номерлерге чалсаңыз болот: 102 (милиция), 103 ("Тез жардам")" дешет мэриядан.

Аталган жайларга кайрылган жарандарга бир жолку ысык тамак берилет. Коопсуздукту камсыздоо максатында бардык баш калкалоочу жайларда РИИБ кызматкери нөөмөттө турат. Ошондой эле үй-бүлөлүк медицина борборлорунун медицина кызматкерлери тийиштүү медициналык жардам көрсөтүшөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан