Трамп Ак үйдөн табылган кокаин кимдики деп эсептейт?

АКШнын президенти Дональд Трамп Ак үйдөн табылган кокаин мурдагы лидер Жо Байденге же анын уулу Хантерге таандык экенин The Spectator басылмасына берген маегинде билдирди.

"Ооба, же Жо (ред.: Байден) же Хантер. Балким, Жо", - деген ал кокаин окуясын комментарий берип жатып.

Трамп кокаин табылган жердеги бардык манжа издери өчүрүлгөнүн айтып, бирок окуянын чоо-жайын териштирүүгө убада берген.

Эске салсак, 2023-жылдын июль айында Жашыруун кызмат Ак үйдөн кокаин тапкан. Полиция өткөн жылдын июль айында Жашыруун кызмат тапкан кокаин боюнча иликтөөсүн аяктаганын, бирок табылган зат президенттин резиденциясына кантип кирип калганын аныктай албаганын билдирген. New York Post былтыр августта кокаиндин таңгагы кимге таандык экенин Байден өзү гана билет деп жазган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан