Кемел Садыков кызматынан бошотулду

Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын биринчи орун басары Кемел Садыков ээлеген кызматынан бошотулду. Маалыматты мекеменин басма сөз кызматы тастыктады.

Маалыматка ылайык, тиешелүү тескемеге министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койгон. Садыков өз арызынын негизинде кызматтан бошотулган.

Белгилей кетсек, Садыков аталган кызматка 2021-жылдын 16-сентябрында дайындалган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан