Талас облусунда Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 4-мартта УКМКдан билдирди.
Маалыматка ылайык, 28-февралда айып короо жайынан унааны чыгарып берүү үчүн акча каражатын мыйзамсыз алгандыгы үчүн Айтматов РИИБинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн инспектору К.Н. жана кенже инспектору Н.С. кармалып, Талас ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына камакка алынды.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин (Опузалап пара талап кылуу) 1-бөлүгү менен кылмыш иши козголгон.
Учурда башка тиешеси бар адамдарды аныктоо жана кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралар улантылууда.