Орусиянын президенти Владимир Путин юстиция министринин орун басары кылып Вадим Баланинди дайындады. Тиешелүү жарлык укуктук маалымат порталында жарыяланганын орус басылмалары жазышты.
"Вадим Алексеевич Баланин Орусиянын юстиция министринин орун басары болуп дайындалсын", - деп айтылат документте.
Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
ТАСС маалымдагандай, Вадим Баланин буга чейин Федералдык Жаза аткаруу кызматынын директорунун орун басары – ФЖАКка караштуу СИЗО департаментинин башчысы болуп иштеген.
ММКлар февралдын башында Орусиянын юстиция министринин орун басары Всеволод Вуколов кызматтан алынганын, ал ошондой эле Федералдык Жаза аткаруу кызматын да жетектегенин эске салат.