Абхазиянын жаңы шайланган президенти Орусия менен мамиле кандай өңүттө уланарын айтты

Абхазиянын жаңы шайланган президенти Бадра Гунба өз ишинин негизги багыттарынын бири катары Орусия менен өз ара кызматташтыкты атады.

"Мен өзгөчө көңүл бура турган маанилүү жана башкы багыттардын бири – бул Орусия менен болгон мамиле. Бул биздин негизги багытыбыз", – деп билдирди ал маалымат жыйынында.

Гунба баса белгилегендей, акыркы жылдары Сухум менен Москванын өз ара аракеттенүү деңгээли төмөндөп кеткен. Жаңы кызматында ал Орусия менен бардык тармактар боюнча кызматташтыкты күчөтүүнү маанилүү деп эсептейт.

Дүйшөмбү күнү Абхазиянын Борбордук шайлоо комиссиясы республикадагы мөөнөтүнөн мурда өткөн президенттик шайлоонун акыркы жыйынтыгын бекитти, анда саясатчы Бадра Гунба экинчи турда жеңип чыкты.

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча, экинчи турга Абхазиянын жарандарынын 70 пайызы же 100 миң 412 адам катышты. Шайланган президентти колдоп 54 миң 954 адам же шайлоочулардын 54,73 пайызы добушун берди. Анын атаандашы, оппозиция лидери Адгур Ардзинба 41 миң 708 добуш же 41,54 пайыз алды.

Бадра Гунба 1981-жылы 14-августта Сухумиде төрөлгөн. Экономика илимдеринин кандидаты. 2011-2014-жылдары – Абхазиянын маданият министри. 2020-жылдын апрелинде вице-президенттик кызматка киришкен. Өткөн жылдын 19-ноябрынан бери ал Абхазиянын президентинин милдетин аткарып келген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан