Өлкөнүн Энергетика министрлиги калкты электр энергиясын үнөмдүү колдонууга чакырды.
Министрликтин маалыматына ылайык, 20-февралда «Токтогул» ГЭСинин бир гидроагрегаты реконструкцияга берилип, 300 МВт кыскарды.
"Ал эми 10-мартта «Үч-Коргон» ГЭСинин бир гидроагрегаты реконструкцияга берилсе, 45 МВт болгон кубаттуулук кыскарат. Бүгүнкү күндө «Токтогул» ГЭСин реконструкциялоо долбоорунун алкагында акыркы төртүнчү гидроагрегатты алмаштыруу иштери башталып, учурда иш кызуу жүрүүдө.
Реконструкция иштери аяктагандан кийин «Токтогул» ГЭСнин кубаттуулугу дагы 60 МВтка көбөйөт. Бул ГЭСтин бардык 4 гидроагрегатын алмаштыруу менен реконструкция долбоору толугу менен аяктап, 2025-жылы станциянын кубаттуулугу 1440 МВтты түзөт. Кошумча 240 МВт кубаттуулук кошулат", - деп жазылат маалыматта.
Буга байланыштуу министрлик жалпы абоненттерден таңкысын 7:00-9:00, кечкисин 18:00-21:00 аралгында электр энергиясын үнөмдөп турууну өтүнөт.
"Электр станциялары" ААКсынын маалыматына ылайык, учурда Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 8 миллиард 637 миллион куб метрди түзөт.