Финляндиянын президенти Трамп менен Зеленскийге саунага барууну сунуштады

Финляндиянын президенти Александр Стубб АКШнын лидери Дональд Трамп менен Украинанын башчысы Владимир Зеленскийге кайрадан сүйлөшүүлөргө барууда өзгөчө сунуш берди. Стубб Bloomberg телеканалына берген маегинде кээ бир жагдайларда дипломатия иштебей каларын, андай кырдаалда саясатчылар финдердикиндей практикага барса болорун айткан.

"Терең дем алып, муздак ваннага түшүп, саунага барып, анан кайра сүйлөшүү үстөлүнө кайтып кел", - деген ал.

Ошондой эле Финляндиянын лидери жакында Вашингтондогу Ак үйдө болгон окуяга комментарий берип жатып, мындай окуялар эл аралык дипломатияда сейрек болорун белгилеген.

"Мен өмүр бою эл аралык саясат менен дипломатияга аралашып жүрүп мындайды көргөн эмесмин. Жабык эшик артында ар кандай нерселер болушу мүмкүн, бирок камералардын алдында болгон окуялар өтө сейрек кездешет", - деген саясатчы.

Эске салсак, 28-февралда Вашингтондогу Ак үйдө Трамп менен Зеленскийдин жолугушуусу кайым айтышуу менен аяктаган. Анда Зеленский Ак үйдөн белгиленген убакыттан эрте чыгып кеткен. Эки лидердин биргелешкен маалымат жыйыны да болгон эмес.

Болгон окуядан кийин Америка лидеринин командасы украин башчысынын кечирим суроосун талап кылышты. Ал арада бир катар Европа өлкөлөрүнүн лидерлери Зеленскийди колдоого алган билдирүү жасашкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан