
Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги шылуундардын кылтагы тууралуу эскертти.
Ведомство билдиргендей, акыркы убакта WhatsApp аркылуу белгисиз адамдар министрдин биринчи орун басары Союзбек Надырбеков же анын кесиптештери катары таанышып, билдирүүлөрдү жөнөтүп, чалууларды жүргүзүп жатышат.
"Бул адамдар ар кандай өтүнүчтөр менен кайрылып, жарандарды алдоого аракет кылышууда. Сак болуңуздар! Эгер сизге ушундай билдирүү же чалуу келсе, жооп бербеңиз жана жеке маалыматтарыңызды бөлүшпөңүз. Шек жараткан учурларда тез арада укук коргоо органдарына кайрылыңыз", - дешет мекемеден.