Касымалиев Тажикстандын премьер-министри менен тар чөйрөдө жолукту. Анда эмне кеп болду?

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Дүйшөмбү шаарында Тажикстандын премьер-министри Кохир Расулзода менен тар курамдагы жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу бүгүн, 4-мартта өкмөттүн басма сөз кызматынан билдирди.

Маалымдалгандай, жолугушууда тараптар соода-экономикалык байланыштарды өнүктүрүүнүн келечегине өзгөчө көңүл буруп, эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин кеңири талкуулашты. Атап айтканда, 2030-жылга чейин эки өлкө ортосундагы соода жүгүртүүнү 500 миллион долларга жеткирүүнү пландашты.

Кыргыз тарап тажикстандык продукцияны Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) рыногуна жеткирүү үчүн эффективдүү звено катары аракеттенүүгө даяр экендигин тастыктады жана айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү жаатында тажик тажрыйбасын үйрөнүүгө кызыкдар экенин билдирди.

Энергетика тармагындагы ийгиликтүү кызматташууга олуттуу көңүл бурулуп, CASA-1000 долбоорун тез арада ишке ашыруунун маанилүүлүгү баса белгиленди. Тараптар Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда түз аба каттамдарын калыбына келтирүү зарылдыгын эки тараптуу мамилелерди арттыруунун маанилүү фактору катары белгилешти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан