Бүгүн, 4-мартта Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында транспорт жана коммуникация министринин орун басары Бекназар Базаралиев февраль айында күйүүчү майдан алынчу салыктан Жол фондуна 172 миллион сом түшкөнүн билдирди.
"222 миллион литр күйүүчү майлар маркаланган. Мындан фондго 172 миллион сом каражат чегерилди. Министрлер кабинетинин №766 токтомуна ылайык, жыйымдар ар бир айдын 10унда төлөнүшү керек. Ошондуктан маркадан өткөн көлөм менен түшкөн акчанын ортосунда бир аз айырма бар. Толук марттын 10уна чейин түшөт", - деди ал.
Белгилей кетсек, 1-январдан тарта өлкөдөгү жолдорду оңдоо үчүн күйүүчү майдын ар бир литрине 1 сомдон алына баштаган. Каражат Жол фондуна түшөт. Ал эми аталган фонд 2022-жылы жол тармагын өнүктүрүү багытында Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдында түзүлгөн.