"Көзүмчө унаанын дөңгөлөгү айрылып кетти". Депутат жолдогу аң-чөнөктөрдү жамоо керектигин айтты

Бүгүн, 4-мартта Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында депутат Элдар Абакиров тез арада жолдогу аң-чөнөктөрдү жамап баштоо керектигин айтты.

"Кар эрип жатат, 1-2 жумада тоң кетет болуш керек, жолдогу чуңкурларды дароо жасап салалык. Мына Бишекте Абай менен Медеров көчөлөрүнүн кесилишиндеги жол чырактын так түбүндө чуңкур пайда болуптур, кечээ, менин көзүмчө бир унаанын дөңгөлөгү айрылып кетти. Ал ары жактагы дагы бир унааны сүзүп ала жаздады. Мен мисал катары Бишкекти эле айтып жатам, өлкөдө мындай абалдагы жолдор көп эле", - деди ал.

Эл өкүлү жол оңдоого жумшалчу акча каражатын Финансы министрлиги өз убагында бөлүп берсе, Транспорт министрлиги дароо ишке киришсе жакшы болмок дейт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан