Футбол боюнча Кыргыз улуттук курама командасынын чабуулчусу Жоэл Кожо атактуу сенегалдык футболчу Садио Мане менен оюндан кийин футболкасын алмашты.
Кечээ, 3-мартта Жоэл Кожо ойногон ирандык "Эстегляль" футболдук клубу Азия Чемпиондор Лигасынын алкагында сауд арабиялык "Аль-Наср" клубун кабыл алды. Оюн 0:0 эсебинде тең чыгуу менен аяктады.
Оюндан кийин Жоэл Кожо Садио Мане менен футболкасын алмашкан.
33 жаштагы Садио Мане Африкадагы эң атактуу футболчулардын бири. Ал "Ливерпуль", "Бавария" сыяктуу Европанын топ клубдарында ойногон.
Мане 2019-жылы "Алтын топ" номинациясында төртүнчү, 2022-жылы экинчи орунду алган.
Ошондой эле 2022-жылы Африканын эң мыкты футболчусу аталган.