Мектептерге WhatsApp мессенжери аркылуу "клубничный квик" аттуу жаңы баңгизат таркатылып жатат" деп айтылып жаткан маалымат жалган. Бул тууралуу ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы билдирди.
Ошондой эле ИИМ маалыматты расмий булактардан гана алууга чакырды.
"Жарандарды сабырдуулукка жана такталбаган билдирүүлөрдү таратуудан алыс болууга чакырабыз. Ишенимдүү маалымат алуу үчүн расмий булактарга гана кайрылууну сунуштайбыз", - деп айтылат билдирүүдө.
Белгилей кетсек, буга чейин социалдык тармактарда баңгизаттын айынан 4-класстын окуучусу каза болгону тууралуу жазылган маалымат тараган. Анда мектептерде жаңы баңгизат таратылып жатканы дагы жазылган болчу.