Өкмөт башчы Вьетнамга расмий сапар менен барат

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 6-7-март күндөрү Вьетнамга расмий иш сапары менен барат. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдирди.

Маалымдалгандай, сапардын алкагында Вьетнамдын жогорку жетекчилиги менен сүйлөшүүлөр пландаштырылган, анын жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташтыктын негизги багыттарын, саясий диалогду бекемдөө, соода-экономикалык байланыштарды жана инвестициялык өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүү маселелерин талкуулашат. Кыргызстан менен Вьетнамдын ортосундагы кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө багытталган бир катар эки тараптуу келишимдерге кол коюлат.

Мындан тышкары Касымалиев өлкөнүн бир катар тарыхый-маданий мурас объекттеринин ишмердүүлүгү менен таанышат. Экономикалык байланыштарды кеңейтүүгө өзгөчө көңүл бурулат. Өкмөт башчы бизнес-диалогго катышат жана Вьетнамдын бизнес коомчулугунун өкүлдөрү менен жолугушат. Иш-чаранын алкагында соода-экономикалык өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүү жана инвестицияларды тартуу келечеги талкууланат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан