Казак-өзбек чек арасында кошумча соода коридорлору ачылат

Өзбекстан менен Казакстандын ортосундагы сооданы көбөйтүү үчүн төрт кошумча соода коридорун ачуу пландалууда. Бул тууралуу Өзбекстандын Тышкы иштер министрлигине таянып жергиликтүү басылмалары жазышты.

Маалыматка караганда, демилге тууралуу Өзбекстандын Казакстандагы элчиси Бахтияр Ибрагимов Жетисуу облусунун ишкерлери менен жолугушууда билдирген. Дипломатиялык өкүлчүлүктүн башчысы Ташкент расмий мамлекеттик чек аралардагы өткөрүү пункттарын оңдоп жатканын, бул дагы сооданын көлөмүн көбөйтүүгө кызмат кыларын белгилеген.

Кошумча төрт соода коридору кайсы аймактарда түзүлөрү ачыкталган жок.

Расмий статистикага ылайык, 2024-жылы эки өлкөнүн ортосундагы сооданын көлөмү 4,2 миллиард доллардан ашкан. Ташкент менен Астана бул көрсөткүчтү 10 миллиард долларга жеткирүүнү пландап жатканын жарыялашты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан