Ноокат районуна жаңы аким дайындалды

Эмил Чакибаев Ош облусунун Ноокат районунун акими болуп дайындалды. Бул туурасында бүгүн, 5-мартта президенттин администрациясынын маалымат кызматы билдирди.

Маалымдалгандай, тиешелүү тескемеге президент Садыр Жапаров кол койгон.

Чакибаев 1982-жылы Чүй облусунун Аламүдүн районунда төрөлгөн. Жогорку билимдүү. Ал Көк-Жар айыл өкмөтүндөгү жөнөкөй адистен, Аламүдүн районунун акиминин орун басарлыгына чейин барган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан