Талас облусунда жер казынасын пайдалануу укугуна лицензия берүүдөгү коррупциялык схеманын бети ачылды. Бул тууралуу бүгүн, 5-мартта УКМКдан билдирди.
Маалымдалгандай, тергөөнүн жүрүшүндө айрым адамдар Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин кызмат адамдары менен бүтүм түзүп, материалдык пайда алуу максатында мыйзам талаптарын бузуу менен пайдалуу кендерди казып алуу боюнча ишканалардын лицензиясын мыйзамсыз алуу схемасын уюштурушкандыгы аныкталган.
27-феврада Талас облусунун Айтматов райондук соту аталган тармактагы коррупциялык схеманын уюштуруучулары Э.Д. жана М.В.нын төмөнкү мүлктөрүн конфискациялоого өкүм чыгарды:
- LEXUS LX570, 2018-жылкы;
- TOYOTA LAND CRUISER, 2024-ж;
- TOYOTA CAMRY, 2020-ж;
- TESLA MODEL Y, 2023-ж;
- LEXUS LX600, 2022-ж;
- BMW X5, 2018-ж;
- LEXUS LX570, 2019-ж;
- PORSCHE CAYENNE, 2020-ж;
- Бишкек шаарындагы элиталык турак жай комплекстеринде 4 унаа токтотуучу жай;
- Бишкек шаарындагы элиталык турак жай комплексиндеги турак эмес жайлар;
- Бишкек шаарындагы элиталык турак жай комплекстеринен 4 батир;
- Бишкек шаарынын «Браво» коттедж шаарчасында (Орто-Сай айылы) жайгашкан 2 турак жай;
- Бишкек шаарынын Ордо VIP шаарчасындагы (Орто-Сай айылы) 2 турак жай;