
Баткен районунда таш кулоо, жер көчкү коркунучу бар аймактарда жашаган 67 турак үй бар. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Андагы кабарга караганда, учурда ӨКМ тарабынан кооптуу аймактарда жашаган жашоочуларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.
"Негизинен Баткен районунун аймагында Алтын-Бешик, Кара-Бак жана Төрт-Гүл айыл өкмөттөрүнүн Согмент, Газ, Кыштут, Кан, Сары-Талаа, Жаңырык, Кайыңды, Кара-Бак жана Ак-Өтөк айылдарында кооптуу аймакта жашаган 67 турак үй бар", - деп билдирди ӨКМ.