Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында 16 жаштагы өспүрүм асынып каза болду. Бул тууралуу маалыматты SUPER.KG порталына Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматы тастыктады.
Маалыматка ылайык, 1-мартта саат 14:30 чамасында Кара-Көл ШИИБинин нөөмөт бөлүмүнө шаардык оорукананын "Тез жардам" кызматынан маалымат түшкөн. Анда 2009-жылы туулган А.А. аттуу өспүрүм асынып алганы кабарланган.
"Жансыз денеге сырттан кароо жүргүзүү учурунда денесинен эч кандай шек жаратуучу жарааттар аныкталган эмес", - деп билдирген милиция.
Ал эми өспүрүмдүн жакын туугандары арыз жазуудан жана соттук-медициналык экспертиза өткөрүүдөн баш тартышкан.
Ага карабастан аталган факт Кара-Көл ШИИБинин электрондук журналына катталып, тергөөгө чейинки териштирүү иштери башталганы айтылды.