Бүгүн, 5-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Бакытбек Марипов тиш дарылоонун баасы боюнча маселе көтөрдү.
Эл өкүлүнүн айтымына караганда, учурда тиш дарылатуунун баасы 10 миң сомго чейин барууда.
"Бүгүнкү күндө тиш дарылатуу элге оор болуп жатат. Баалары миң сомдон 10 миң сомго чейин экен. Муну ким көзөмөлгө алат? Тийиштүү мекемелерге тапшырмаларды берсеңиздер, карап чыгышсын", - деди.