Бүгүн, 5-марттагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Султанбай Айжигитов кыргыз-тажик чек арасы боюнча жетишилген келишим тууралуу пикирин билдирди.
Ал алгач борбордук трибунага "Ыйман нуру" фракциясынын 10 мүнөттүк убактысы менен чыгып, Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек арасын делимитациялоо боюнча макулдашуулардын долбоору менен толук таанышып чыкканын айтып, Ворух анклавына траспорттук коридордун берилишин катачылык катары баалады. Эл өкүлү бул маселеде Тажикстан максатына жеткен деп билерин айтып, Достук айылынын коңшу өлкөгө өтүп жатканын да туура эмес дейт. Ошондой эле Айжигитов нейтралдуу макамга ээ болгон Төрт-Көчө катип талаш-тартыш жараткан көйгөйлүү маселеге айланганына токтолду.
Ал арада депутаттын убактысы бүтүп калды. Айжигитов оюн жыйынтыктоо үчүн жыйынга төрагалык кылып жаткан вице-спикер Жамиля Исаевадан кошумча убакыт сурады. Бирок берилген жок. Депутат Гуля Кожомкулова "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын 10 мүнөтүк убактысын Айжигитовго берүүнү сунуштады. Сунуш добушка коюлуп колдоо тапты.
Айжигитов бул аралыкта чек ара маселесин чечүүдө бийликке бир катар сунуштарды берди:
Эске салсак, 27-февралда УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Кыргызстан менен Тажикстан мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоонун алкагында кайсы аймактарды алмашышканын Жогорку Кеңеште айтып берген. Атайын кызматтын башчысы Баткендеги Достук айылы (91 гектар) толугу менен Тажикстанга берилип, анын ордуна кайра эле 91 гектар жер жана ага кошумча Тажикстандан 30 гектар суулуу жер компенсация катары Кыргызстанга алынганын айткан.
Ошондой эле ал талаштуу болуп келген Төрт-Көчө тилкеси нейтралдуу макамга ээ болуп, Кыргызстан менен Тажикстан бирдей пайдаланарын билдирген.
Мындан сырткары Ташиев чыр чыгып келген "Головной" суу бөлүштүрүү жайын эки мамлекет чогуу пайдалана турганын билдирген. Ал үч люктун 1,5ы – үч-төрт метр жер тилкеси менен Тажикстан тарапка өткөнүн, "Головной" суу бөлүштүрүүчү курулмасынын 1,5 люгунун ордуна Кыргызстан 750 гектар жерди ала турганын айткан.