Ошто адам өлтүрүүгө шектелген жаран кармалды

Кара-Суу шаарында адам өлтүрүүгө шектелип 34 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 5-мартта Ош облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2-мартта милицияга Кара-Суу шаарынын 42 жаштагы тургуну денесинен оор жаракат алып, аймактык ооруканада каза болгону кабарланган. Факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (Адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголгон.

Шектүү делген Кара-Суу районунун тургуну кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда тийиштүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан