Араб өлкөлөрүнүн лидерлери АКШнын президенти Дональд Трамптын Газа тилкесин көчүрүү сунушунан айырмаланып, анын тургундарын көчүрбөстөн кайра куруу планын макулдашты. Бул туурасында чет элдик басылмалар жазышты.
Лидерлер шейшембиде Египетте Араб Лигасынын саммитинде жолугушту. Ага Палестина, Иордания жана Бириккен Улуттар Уюмунун өкүлдөрү катышты.
Алар Израил менен ХАМАС тобунун ортосундагы салгылашуудан кийин Газа тилкесин кантип кайра курууну талкуулашты.
Жыйында Египет тарабынан сунушталган план кабыл алынды, ага жардам берүү процессине көзөмөл жүргүзүү үчүн убактылуу Палестинанын административдик комитетин түзүү камтылды.
Белгилей кетсек, Трамп Газа боюнча оюн айтып, палестиналыктарды башка жакка жылдыра тургандыгын билдирген.
Ал ортодо Израил менен ХАМАС ок атышпоо келишиминин экинчи фазасына өтүү боюнча бир пикирге келе албай жатышат, бирок алты аптага созулган биринчи фаза эбак эле аяктаган.