Бүгүн, 5-марттагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Камила Талиева чек ара боюнча сүйлөгөн кесиптеши Султанбай Айжигитовго кошумча берилген "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын 10 мүнөтүк убактысы мыйзамсыз экенин билдирди.
"Төрагалык кылуучулар биздин өзүбүздүн ички регламентибизди жакшылап окуп алсаңыздар. Бүгүн мыйзам бузуу болду. Регламент боюнча бир фракциянын 10 мүнөтү башка фракциянын мүчөсүнө берилбейт. Мен ошол үчүн добуш берген жокмун. Муну мыйзам бузуу дейт, ошол үчүн караш керек", - деди ал.
Парламент төрагасынын орун басары Нурланбек Азыгалиев регламентте андай норма жок экенин белгилеп, депутаттардан түшкөн ар бир сунуш добушка коюла турганын айтты.
Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында Айжигитов борбордук трибунага "Ыйман нуру" фракциясынын 10 мүнөттүк убактысы менен чыгып, кыргыз-тажик чек арасы боюнча жетишилген келишим тууралуу пикирин билдирген. Берилген убакыт жетпегендиктен ал кошумча убакыт сураган болчу. Бирок берилген эмес. Ал арада депутат Гуля Кожомкулова "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын 10 мүнөтүк убактысын Айжигитовго берүүнү сунуштап, ал добушка коюлуп колдоо тапкан эле.