Кыргызстандын аймагында жашыруун террористтик уюмдун 30 жактоочусу кармалды. Бул туурасында УКМКнын маалымат кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, атайын кызмат 27-февралда террорчулукка каршы операция жүргүзгөн. Алардын иш-аракети чет өлкөлүк экстремисттик уюм тарабынан координацияланган.
"Аталган уюмдун мүчөлөрү системалуу түрдө жашыруун жыйындарды өткөрүшүп, анда радикалдык идеологияны үгүттөп, террористтик ишти каржылоо үчүн акча каражаттарын чогултуп турушкан. Негизги максаты конституциялык түзүлүшүнө каршы "жихад" жасоо. Ошондой эле Кыргызстандын аткаминерлерине, атайын кызматтардын жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерине карата теракцияларды пландаштыруу экендиги аныкталып, топтун мүчөлөрүнүн биринен колго жасалган жардыргыч затты жасоо боюнча видео нускама алынды", - деп айтылат маалыматта.
Учурда тергөө иштери жүрүп жататкандыгы кошумчаланган.