Кытай АКШ менен согушка даяр экенин жарыялады

Эгерде Вашингтон талап кылса, Кытай кандай гана чөйрөдө болбосун – соода болобу, тарифтик болобу же башка согуш болобу – тирешүүгө даяр. Бул тууралуу Кытайдын АКШдагы элчилиги билдирди.

"Эгерде Кошмо Штаттары чындап эле маселе чечүүгө кызыкдар болсо, анда бирден-бир туура мамиле – бул Кытай менен тең укуктуу диалог. Эгер АКШ эмнеси болсо да – тариф, соода же башка нерсе – биз аягына чейин турууга даярбыз", - деп айтылат Кытай министрлигинин X социалдык тармагындагы билдирүүсүндө.

Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Лин Цзян буга чейин соода согушу чыгып кетсе, Кытай АКШга адекваттуу жооп берүүгө даяр экенин билдирген.

Вашингтонду конструктивдүү диалогго кайтып келүүгө чакырган Лин Цзян Кытай өзүнүн улуттук кызыкчылыктарын бекем коргоого ниеттенип жатканын баса белгилеген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан